ОшМУнун ректору баштаган делегация Кытайда бир катар макулдашууларга жетишти

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун ректору баштаган делегация Кытайда бир катар макулдашууларга жетишти

Image

Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожобеков баштаган делегация Кытайдын Нанкин технологиялык институтуна иш сапар менен барышты. Делегациянын курамында Математика, физика, техника жана маалыматтык технологиялар институтунун сегиз окутуучу жана төрт студент бар.

4-ноябрда делегация университеттин Физика-математика факультетинде математика, физика багыттарында 2+2 бакалавриат, 1+2 магистратура үчүн кош диплом программаларын түзүү маселелерин талкуулашты. Ошондой эле илимий макалаларды авторлош чыгаруу, биргелешкен илимий коллаборацияларды түзүү, PhD программаларына сырткы жетекчилик кылуу маселелери боюнча пикир алышты.

5-ноябрда Информациялык технологиялар факультетинде Big Data аналитик адистигинин окуу планы биргеликте каралып, макулдашылды. Мындан сырткары жасалма интеллект факультетинде робототехника жана жасалма интеллект багытындагы биргелешкен окуу пландары талкууланып, жаңы сунуштар берилди.

Окутуучулар жана студенттер НанТИнин студенттеринин долбоорлору менен таанышып, робототехника боюнча семинарга катышты. Соңунда алар сертификаттарга ээ болушту.

ОшМУ менен Нанкин технологиялык институнун ортосундагы келишим 2024-жылы түзүлгөн.

Фото галерея