БАУ менен ОшМУнун биргелешкен курстарынын бүтүрүүчүлөрүнө сертификат тапшырылды

Башкы Жаңылыктар

БАУ менен ОшМУнун биргелешкен курстарынын бүтүрүүчүлөрүнө сертификат тапшырылды

Image

Бүгүн, 27-майда ОшМУда “Англис тили” жана “Excel программасы” боюнча курстарды ийгиликтүү аяктаган 99 бүтүрүүчүгө салтанаттуу түрдө сертификаттар тапшырылды. Анда Access программасынын алкагында билим алган студенттер STEM багытындагы долбоорлорун жана окуу материалдарын көргөзмө аркылуу тартуулашты.

Сертификатка ээ болгондордун арасында университет мугалимдери, студенттер жана башка билим берүү мекемелеринин кызматкерлери да бар. Бул курстар аймакта кесиптик билимди өнүктүрүүгө жана жаштардын ишке орношуусуна өбөлгө түзөрү белгиленди.

Иш-чара Борбордук Азия университетинин  Кесиптик жана үзгүлтүксүз билим берүү мектеби менен ОшМУнун кызматташтыгынын алкагында уюштурулду. Бул өнөктөштүк 2024-жылдын май айында түзүлгөн меморандумга ылайык ишке ашып, Ош шаарында үзгүлтүксүз билим берүү борбору ачылган. Бүгүнкү күнгө чейин мында 300дөн ашуун адам билим алды.

 

Фото галерея