“Билим” жана “Ыйман” окуу-тарбия комплекстеринде “Акыркы коңгуроо” кагылды

Башкы Жаңылыктар

“Билим” жана “Ыйман” окуу-тарбия комплекстеринде “Акыркы коңгуроо” кагылды

Image

Ош мамлекеттик университетинин башкы имаратында бүгүн, 26-майда «Билим» жана “Ыйман” окуу-тарбия комплекстеринин “Акыркы коңгуроо” аземдери болуп өттү.

Салтанатка окутуучулар, бүтүрүүчүлөрдүн ата-энелери, окуучулар катышты. Бүтүрүүчүлөрдү ректор Кудайберди Кожобеков жана Орто кесиптик билим берүү департаментинин директору Чынгызбек Мамажакып уулу куттуктады. Ошондой эле алдыдагы мамлекеттик экзамендерди ийгиликтүү тапшырып, жалпы республикалык тестирлөөдөн жогорку балл алып, тилек кылган жогорку окуу жайларына өтүү менен ата-энелеринин ишеничин актаган мыкты кесип ээлеринен болууларын каалады.

Салтанаттуу аземде акыркы коңгуроо кагылып, мыкты окуган окуучуларга, ата-энелерине мактоо баракчалары тапшырылды. Кечелер концерттик программа менен коштолду.

Быйыл «Билим» окуу-тарбия копплексин 35, “Ыйман” окуу-тарбия комплексин 42 окуучу аяктап жатат.

ОшМУнун базасында окуучуларга билим берген «Билим» жана  “Ыйман” окуу-тарбия копплекстери, “Кара-Суу” жана “Ноокат” гимназиялары, “Зирек” башталгыч билим берүү борбору бар.  

 

Фото галерея