
Бүгүн, 22-апрелде Кытайдагы Синьцзян педагогикалык институтунун ректору Мукаи Жаркынбек жана Анжиян педагогикалык институтунун ректору Бахтиёр Расулов баштаган делегация ОшМУга келишти. Тараптар “Синьцзян-Борбор Азия мектепке чейинки билим берүү альянсын" түзүү боюнча келишимге кол койду.
Буга чейин ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков баштаган делегация Синьцзян педагогикалык институтунда болуп, кызматташуу багытында сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Анын негизинде Кыргызстан, Кытай, Өзбекстан, Казакстан тараптан педагогикалык адистерди даярдаган бирден окуу жай башталгыч, инклюзивдик билим берүү жаатында альянс түзүүнү макулдашкан. Ага кирген окуу жайлар мектепке чейинки билим берүүнү өнүктүрүү, инклюзивдик билим берүү мекемесин биргелешип ачуу, алар үчүн окуу программаларын түзүү жана келечекте бул багыттагы бакчаларды ачууну максат кылат.
“Кытайга болгон иш сапарда Синьцзян педагогикалык институтунун окуу базалары, мектепке чейинки билим берүү мекемелери менен таанышып, бала бакча адистерин даярдоочу практикалык лаборатория ачуу, мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды окутуучу педагогдорду даярдоо долбоорлорун талкуулап келгенбиз. Бүгүн бул багытта төрт өлкөнүн окуу жайы альянс түзүү боюнча келишимге кол койдук. Алдыда тараптар өз өлкөлөрүндөгү билим берүү тажрыйбалары, окуу-тарбиялык усулдары, окуу программалары менен бөлүшүүнү баштайт. Келечекте ал тажрыйбаларга негизделген заманбап бакча ачуу максаты бар. Андан сырткары билим берүү, илим изилдөө, академиялык мобилдүүлүк багытында да кызматташтыктар орун алат”, -деди ректор Кудайберди Кожобеков.
Делегация ОшМУнун “Билим” окуу-тарбия комплекси, “Зирек” башталгыч билим берүү борборлорлору менен таанышты.