Илим жана инновация бөлүмү

Университет Структуралар Бөлүмдөр Илим жана инновация бөлүмү

Илим жана инновация бөлүмү

ОшМУнун илимий-изилдөө бөлүмү  2020-жылдын сентябрь айында окуу жайдын ректорунун  буйругунун негизинде түзүлгөн. 2021-жылдын 1-февралынан баштап Курбанбаева Нуржамал Нажимидиновна илимий-изилдөө бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалган.

Илимий-изилдөө бөлүмү 2023-жылдын 2-августунан баштап Илим жана инновация бөлүмү деп өзгөртүлгөн.

Максаты:

Илим жана инновация бөлүмү приоритеттүү багытта фундаменталдык жана  прикладдык илимдерди өнүктүрүүдө, ошол эле учурда илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүгө көмөк көрсөтүү.

Коомдо компетенттүү, илимий-чыгармачыл инсандарды калыптандырууга салым кошуу.

 Милдеттери

  • Бөлүм университеттин Уставына ылайык илимий кызматтык

орундарына ылайык университеттин илимий изилдөөлөрүн жана өнүгүүсүн жөнгө салуучу нормативдик укуктук актылардын, жоболордун негизинде иш алып барат.

  • ОшМУнун илим жана инновация бөлүмү профессордук- окутуучулук курамынын академиялык илимий ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы менен университеттин ички рейтингин аныктоодо, ошондой эле профессордук-окутуучулук курамынын академиялык илимий ишмердүүлүгүнүн баалоо жана шыктандырууда бир жолку сыйлыктарды кароодо уюштуруу иш-аракеттерин жүргүзөт.
  • Университеттин илимий потенциалын жогорулатуу максатында илимий кызматкерлерди, окутуучуларды, магистранттарды жана аспиранттардын илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү үчүн компетенциясын калыптандырууга карата илимий семинарларды уюштуруу;
  •   Профессордук-окутуучулук курамын, PhD докторанттарын, магистранттарын жана аспиранттарын стимулдаштыруу аркылуу, илимий-изилдөө иштерине тартуу жана анын натыйжалуугун жогорулатуу;
  •   Республиканын, региондун илимдин приоритеттүү илимдин багыттарына салым кошуучу долбоорлорду кубаттоо жана бул иштерге каржылык колдоо көрсөтүү;
  • Университеттин профессордук-окутуучулук курамы, PhD докторанттар, магистранттар жана аспиранттар тарабынан жүргүзүлүп жаткан илимий-изилдөө иштерин  аткарууга шарттарды түзүү;
  • Университеттин структуралык  бөлүмдөрүндө  илимий изилдөөлөрдү активдештирүү жана алардын  илимий потенциалын өнүктүрүүгө өбөлгө түзүү;
  • Коллабрациялуу (дисциплиналар аралык) мүнөздөгү долбоорлорду колдоо жана университеттин кызматкерлери тарабынан аткарылып жаткан биргелешкен илимий изилдөөлөргө көмөктөшүү;
  • Алынган натыйжалардын илимий жыйынтыктарынын жарыялануусуна, илимий – изилдөө иштердин  практикалык жүзөгө ашырылып, өндүрүшкө кийирилүүсүнө жана региондорду өнүктүрүү багытындагы иш аракеттерге колдоо көрсөтүү жана  мүмкүнчүлүк түзүү максатында аткарылып жаткан долбоорлордун иш-аракеттерин уюштурулушун көзөмөлдөөнү жүргүзөт.

Ал эми учурда илим жана инновация бөлүмүндө 177  кызматкер эмгектенет. Алар төмөндөгүлөр:

  • Бөлүмдүн кызматкерлеринин саны -9;
  • КРдин Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги тарабынан каржыланган долбоордун аткаруучуларынын саны – 33;
  • Ош мамлекеттик университети тарабынан каржыланган долбоордун аткаруучуларынын саны – 125;
  • Долбоордон сырткары илимий кызматкерлердин саны- 10;

Илимий-изилдөө бөлүмүнүн курамы:

Кызматы

Аты-жөнү

Бөлүм башчы

Курбанбаева Нуржамал Нажимидиновна

Башкы илимий кызматкер

Козукулов Тимур Алимбекович

Жетектөөчү илимий кызматкер

Разак уулу Дастанбек

Улук илимий кызматкер

Алишер кызы Салтанат

Патент жана ойлоп табуу боюнча инженер

Каримова Танзила Усоновна

Катчы

Бойтоева Салтанат Саитовна

Бухгалтер

Тойчиева Бегаим Ташиевна

Инспектор

Токторова Кулпунай Жолдошовна

Улук лаборант

Акматбек кызы Венера

Фото галерея