ОшМУнун илимий-изилдөө бөлүмү 2020-жылдын сентябрь айында окуу жайдын ректорунун буйругунун негизинде түзүлгөн.
2021-жылдын 1-февралынан баштап Курбанбаева Нуржамал Нажимидиновна илимий-изилдөө бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалган.
Илимий-изилдөө бөлүмү 2023-жылдын 2-августунан баштап Илим жана инновация бөлүмү деп өзгөртүлгөн.
Максаты:
Илим жана инновация бөлүмү приоритеттүү багытта фундаменталдык жана прикладдык илимдерди өнүктүрүүдө, ошол эле учурда илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүгө көмөк көрсөтүү.
Коомдо компетенттүү, илимий-чыгармачыл инсандарды калыптандырууга салым кошуу.
Милдеттери
- Бөлүм университеттин Уставына ылайык илимий кызматтык
орундарына ылайык университеттин илимий изилдөөлөрүн жана өнүгүүсүн жөнгө салуучу нормативдик укуктук актылардын, жоболордун негизинде иш алып барат.
- ОшМУнун илим жана инновация бөлүмү профессордук- окутуучулук курамынын академиялык илимий ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы менен университеттин ички рейтингин аныктоодо, ошондой эле профессордук-окутуучулук курамынын академиялык илимий ишмердүүлүгүнүн баалоо жана шыктандырууда бир жолку сыйлыктарды кароодо уюштуруу иш-аракеттерин жүргүзөт.
- Университеттин илимий потенциалын жогорулатуу максатында илимий кызматкерлерди, окутуучуларды, магистранттарды жана аспиранттардын илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү үчүн компетенциясын калыптандырууга карата илимий семинарларды уюштуруу;
- Профессордук-окутуучулук курамын, PhD докторанттарын, магистранттарын жана аспиранттарын стимулдаштыруу аркылуу, илимий-изилдөө иштерине тартуу жана анын натыйжалуугун жогорулатуу;
- Республиканын, региондун илимдин приоритеттүү илимдин багыттарына салым кошуучу долбоорлорду кубаттоо жана бул иштерге каржылык колдоо көрсөтүү;
- Университеттин профессордук-окутуучулук курамы, PhD докторанттар, магистранттар жана аспиранттар тарабынан жүргүзүлүп жаткан илимий-изилдөө иштерин аткарууга шарттарды түзүү;
- Университеттин структуралык бөлүмдөрүндө илимий изилдөөлөрдү активдештирүү жана алардын илимий потенциалын өнүктүрүүгө өбөлгө түзүү;
- Коллабрациялуу (дисциплиналар аралык) мүнөздөгү долбоорлорду колдоо жана университеттин кызматкерлери тарабынан аткарылып жаткан биргелешкен илимий изилдөөлөргө көмөктөшүү;
- Алынган натыйжалардын илимий жыйынтыктарынын жарыялануусуна, илимий – изилдөө иштердин практикалык жүзөгө ашырылып, өндүрүшкө кийирилүүсүнө жана региондорду өнүктүрүү багытындагы иш аракеттерге колдоо көрсөтүү жана мүмкүнчүлүк түзүү максатында аткарылып жаткан долбоорлордун иш-аракеттерин уюштурулушун көзөмөлдөөнү жүргүзөт.
Ал эми учурда илим жана инновация бөлүмүндө 177 кызматкер эмгектенет. Алар төмөндөгүлөр:
- Бөлүмдүн кызматкерлеринин саны -9;
- КРдин Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги тарабынан каржыланган долбоордун аткаруучуларынын саны – 33;
- Ош мамлекеттик университети тарабынан каржыланган долбоордун аткаруучуларынын саны – 125;
- Долбоордон сырткары илимий кызматкерлердин саны- 10;
Илимий-изилдөө бөлүмүнүн курамы:
|
Кызматы
|
Аты-жөнү
|
|
Бөлүм башчы
|
Курбанбаева Нуржамал Нажимидиновна
|
|
Башкы илимий кызматкер
|
Козукулов Тимур Алимбекович
|
|
Жетектөөчү илимий кызматкер
|
Разак уулу Дастанбек
|
|
Улук илимий кызматкер
|
Алишер кызы Салтанат
|
|
Патент жана ойлоп табуу боюнча инженер
|
Каримова Танзила Усоновна
|
|
Катчы
|
Бойтоева Салтанат Саитовна
|
|
Бухгалтер
|
Тойчиева Бегаим Ташиевна
|
|
Инспектор
|
Токторова Кулпунай Жолдошовна
|
|
Улук лаборант
|
Акматбек кызы Венера
|