ОшМУ менен ФерМУнун окумуштуулары Кемпир-Абад бассейнинен балыктын 14 түрүн аныкташты

Башкы Жаңылыктар

ОшМУ менен ФерМУнун окумуштуулары Кемпир-Абад бассейнинен балыктын 14 түрүн аныкташты

Image

ОшМУнун Табият таануу, дене тарбия, туризм жана агрардык технологиялар институтунун зоология, экология жана биоинженерия кафедрасы менен ФерМУнун Табигый илимдер факультетинин зоология жана жалпы биология кафедрасынын окумуштуулары Кемпир-Абад бассейнине биргелешкен илимий экспедиция уюштуруп, балыктын 14 түрүн аныкташты. 

Экспедиция 30-июлдан 4-августка чейин өттү. Ага биология илимдеринин кандидаты, доцент Абдиманнап Абдыкааров, PhD докторант Фатима Маткеримова, биология илимдери боюнча философия докторлору (PhD) Бахтиор Шералиев, Оббосхон Азамов, PhD докторанттар Муроджон Рахмонов, Шарофиддин Халимов катышты.

Талаа изилдөөлөрү суу сактагычка куйган Куршаб, Кара-Дарыя, Жазы, Зергер жана Көлдүк дарыяларынын төмөнкү агымдарында жүргүзүлдү. Мындан тышкары Diptychus maculatus (тактуу кабыршактуу осман) түрүнүн таксономиялык статусун тактоо максатында Жазы дарыясынын жогорку агымында, Кара-Шоро мамлекеттик жаратылыш паркынын аймагында кошумча ихтиологиялык байкоолор уюштурулду.

Экспедициянын жүрүшүндө аныкталган эки балык түрүнүн таксономиялык өзгөчөлүгүн аныктоо үчүн молекулярдык-генетикалык изилдөөлөргө үлгүлөр алынды. Алар лабораторияда кошумча изилденет. Окумуштуулардын маалыматына ылайык, аныкталган 14 түрдүн тизмесине Кемпир-Абад суу сактагычында кеңири кездешкен кадимки сазан, ак толстолобик жана кылыч балык киргизилген эмес.

Жыйынтыгында эки университет ихтиология жана биоартүрдүүлүктү изилдөө боюнча кызматташтыкты кеңейтүүгө макулдашты. Алдыда биргелешкен илимий долбоорлорду ишке ашыруу, докторанттардын академиялык мобилдүүлүгүн өнүктүрүү, эл аралык илимий журналдарга биргелешкен макалаларды жарыялоо пландалууда.

Экспедициянын максаты дарыялардагы балык түрлөрүнүн ар түрдүүлүгүн изилдеп, алардын азыркы абалын илимий жактан баалоо болду.

Фото галерея