Түркиянын Дин иштери башкармалыгынын Диянет академиясына караштуу Конья Селчук жогорку диний адистештирүү борборунун окутуучулары 4-августта Ош мамлекеттик университетинин теология факультетине келип, академиялык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.
Жолугушууга факультеттин жетекчилиги, окутуучулар, факультеттин жана Конья Селчук жогорку диний адистештирүү борборунун бүтүрүүчүлөрү, тиешелүү адистер катышты.
Тараптар студенттер үчүн жаңы билим алуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, академиялык кызматташтыкты күчөтүү, теология факультетинин бүтүрүүчүлөрүн Коньядагы жогорку диний адистештирүү борборунда окуусун улантууга кабыл алуу маселелерин талкуулашты.
Аталган борбордо ислам илимдеринин негизги багыттары, ислам укугу (фикх), тафсир, хадис, акыйда, тереңдетилген араб тили боюнча атайын окуу программасы ишке ашырылат.
Жолугушуунун соңунда эки тарап кызматташтыкты мындан ары бекемдөөгө, академиялык байланыштарды кеңейтүүгө жана студенттер менен жаш адистер үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө кызыкдар экенин белгилешти.
Буга чейин теология факультетинин 20 бүтүрүүчүсү Конья Селчук борборунда квалификациясын жогорулатуу курсунан өтүп, кесиптик билимдерин өркүндөткөн.