ОшМУ – БИЗ МЕНЕН ДҮЙНӨНҮН ЭШИГИН АЧ!

Башкы Жаңылыктар

ОшМУ – БИЗ МЕНЕН ДҮЙНӨНҮН ЭШИГИН АЧ!

Image

Урматтуу абитуриент!

Кесип тандоо – бул келечегиңди тандоо. Ар бир жаштын ийгиликтүү өмүр жолуна багыт берген эң маанилүү кадамдардын бири – билим алган окуу жайды туура тандоо.

87 жылдык тарыхы бар  Ош мамлекеттик университети бүгүнкү күндө өлкөдөгү эң ири жана алдыңкы жогорку окуу жайлардын бири болуп саналат. Учурда университетте 50 миңден ашуун студент билим алып, миңдеген окутуучулар жана кызматкерлер эмгектенүүдө.

ОшМУ өлкөдөгү 11 мамлекеттик университеттин катарында  “Өзгөчө макам” алган окуу жайдын катарын толуктайт.

Университетибиз эл аралык абройлуу QS рейтингинде Азиядагы эң мыкты 984 окуу жайдын ичинен 260-позицияны багындырып, Орто Азия боюнча 65 ЖОЖдун ичинен эң мыкты 13 университеттин катарына кошулду.  2026-жылы QS World University Rankings: Asia рейтингинде окуу жай Борбордук Азиядагы 73 университеттин арасында 22-позицияны ээледи. Мындан тышкары, ОшМУ QS Sustainability Rankings 2026 дүйнөлүк рейтингине кирип, туруктуу өнүгүү, экологиялык жоопкерчилик жана коомго тийгизген оң таасири боюнча дүйнөнүн мыкты университеттеринин арасында 2000 университеттин ичинен ОшМУ курчап турган чөйрөгө жана коомго тийгизген таасири үчүн 1251-орунду, башкаруу багыттары боюнча 1107-орунду алды. Бул көрсөткүчтөр менен жалпы окуу жайлардын арасында 1501-орунду ээледи. EdNet 2026 улуттук рейтингде 583,60 балл менен ОшМУ Кыргызстандын мыкты ЖОЖдорунун үчтүгүнө кирди.

Окуу жай биргелешкен билим берүү жана кош дипломдуулук программаларын түзүү  боюнча учурда дүйнөнүн 33 өлкөсүндөгү 325тен ашуун университет менен кызматташып, академиялык мобилдүүлүк жана кош дипломдуу билим берүү программаларын ийгиликтүү ишке ашырууда.

Жыл сайын 1000ге жакын студент (магистрант), 500гө жакын окутуучулар академиялык мобилдүүлүк боюнча дүйнөнүн 33 өлкөсүндөгү  университеттерге Эразмус+, Мевлана, ITEC, DAAD, Орхун, ШКУУ, «Ош декларациясы» ж.б.у.с. программалардын жана эки тараптуу кызматташтык келишимдеринин алкагында барып, окуп, тажрыйба алмашып келет.

Студенттерге стимул берүү максатында ар жыл сайын тандалып алынган эң мыкты студенттерге Президенттик стипендия, ар жылы 10 студент  1200$ өлчөмүндө “Атуулдук стипендия”,  10 студент профессор Каныбек Исаков атындагы стипендия, 22 студент Окумуштуулар кеңешинин стипендиясын алышат. Андан сырткары “ОшМУнун топ – 20 студенти” деп аталган стипендия да ыйгарылат

Университетте заманбап окуу корпустары, лабораториялар, илимий борборлор, студенттик жатаканалар, спорттук комплекстер жана санариптик билим берүү платформалары түзүлгөн. ОшМУ билим берүү менен катар илимди, инновацияны жана өндүрүштү айкалыштырган заманбап университет катары өнүгүп келет.

Урматтуу абитуриент достор, ОшМУга таштаган кадамың байсалдуу болсун! Биздин окуу жай чексиз мүмкүнчүлүктөрдүн  ордосу! Билим сапарында биз менен сапарлаш болуп, өнүккөн өлкөнү курууга салымыңды кош!

 

ОшМУ КЕЛЕЧЕК ЭЭЛЕРИН КУЧАК ЖАЙЫП ТОСУП АЛУУГА ДАЯР!

Кудайберди Кожобеков,
Ош мамлекеттик университетинин ректору, профессор

 

АДИСТИКТЕР БОЮНЧА ТОЛУК МААЛЫМАТТЫ "Кут Билим" гезитинин сайтынан окуй аласыздар. ШИЛТЕМЕ

 

Фото галерея