14-майда Ош мамлекеттик университети (ОшМУ) менен Түрк дүйнөсүнүн медиаторлор ассоциациясынын ортосунда кызматташуу келишимине кол коюлду. Келишимге ректор Кудайберди Кожобеков жана ассоциациянын президенти Якуб Эрикел кол койду.
Жолугушууда тараптар медиация, конфликтология, академиялык байланыштар жана тажрыйба алмашуу маселелерин талкуулашты.
Келишимдин алкагында медиация боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, адистерди даярдоо, илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү, семинар-тренинг, маданий иш-чаралар уюштурулат.
“Биздин максатыбыз медиация маданиятын түрк дүйнөсүндө жайылтуу. Учурда Казакстан, Кыргызстан, Азербайжан жана Өзбекстандагы бир катар жогорку окуу жайлар менен кызматташып жатабыз. Алдыдагы он жыл ичинде 100 университет менен өнөктөштүк түзүп, 10 миңден ашуун медиаторду даярдоону көздөөдөбүз. Бул коомдогу ынтымакты жана өз ара түшүнүшүүнү бекемдөөгө чоң салым кошот”, –деди Якуп Эрикел.
Жолугушуунун соңунда ал ректорго медиация багытында төрт тилде жарык көргөн китебин белек кылды.
Күндүн экинчи жарымында делегация ОшМУнун Чыгыш таануу институтунда болуп, түрк тили борборунун ишмердүүлүгү, конфликтология адистиги тууралуу маалымат алышат. Ошондой эле студенттер менен окутуучуларга конок лекция окуйт.
Медиатор – эки тараптын ортосундагы талаш-тартышты сотко жеткирбей, сүйлөшүү жолу аркылуу чечүүгө жардам берген бейтарап адис. Кыргызстанда “Медиация жөнүндө” мыйзам 2017-жылы кабыл алынган. Ал эми Түркияда бул система 2011-жылдан бери өнүгүп, 2018-жылдан тарта милдеттүү медиация механизми иштей баштаган.