ОшМУнун өкүлү Сербияда жашыл туризм тууралуу баяндама жасады

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун өкүлү Сербияда жашыл туризм тууралуу баяндама жасады

Image

Табият таануу, дене тарбия, туризм жана агрардык технологиялар институтунун директору Абдурашит Низамиев  Сербиянын борбору Белград шаарындагы эл аралык конференцияда Кыргызстандагы туруктуу туризм тууралуу баяндама жасады. 

XIV эл аралык илимий-практикалык конференция 21–25-апрель күндөрү Белград университети базасында уюштурулду. Ага дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн окумуштуулар жана адистер катышты. Иш-чаранын темасы «Аймактарды өнүктүрүү системасындагы туристтик-рекреациялык комплекс» деп аталды. 

Пленардык жыйында Абдурашит Низамиев «Кыргызстандагы жашыл экономиканын бир бөлүгү катары туруктуу туризм» деген темада баяндама жасады. Ал өлкөдөгү туризмди туруктуу өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин көтөрдү. Туристтик иш-аракеттерде экологиялык багытталган ыкмаларды ишке ашыруу механизмдерин өркүндөтүү изилдөөнүн практикалык мааниси катары көрсөтүлдү. 

“Конференциянын жүрүшүндө сербиялык географ-окумуштуулар менен илимий байланыштарды кеңейтүү, биргелешкен изилдөөлөрдү жүргүзүү жана тажрыйба алмашуу боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. Мунун негизинде келечекте эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары да күчөтүү пландалууда”, –деди Низамиев.

 

Фото галерея