ОшМУнун доценттери Ашхабадда Кыргызстандын туризм мүмкүнчүлүктөрүн тааныштырды

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун доценттери Ашхабадда Кыргызстандын туризм мүмкүнчүлүктөрүн тааныштырды

Image

Экономикалык география, тармактык экономика жана туризм кафедрасынын доценттери Калыбек Самиев жана Эрнист Алайчиев “TurkmenTravel-2026” эл аралык туристтик форумунда Кыргызстандын туристтик потенциалын жана биргелешкен маршруттарды түзүү сунуштарын ортого салды. 

Иш-чара 14–16-апрель күндөрү Түркмөнстандын Ашхабад шаарында өттү. Ага Түркия, Кытай, Азербайжан, Бельгия, Вьетнам, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана башка мамлекеттерден 200дөн ашуун туристтик агенттиктер, окумуштуулар катышты. 

Форумда Калыбек Самиев жана Эрнист Алайчиев өлкөдөгү туризм тармагынын мүмкүнчүлүктөрү, Ош мамлекеттик университетинде бул багытта жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу баяндама жасашты. Тараптар биргелешкен туристтик маршруттарды түзүү, студенттер, окутуучулар үчүн академиялык мобилдүүлүктү өнүктүрүү маселелерин да талкуулашты.

“TurkmenTravel-2026” форуму Түркмөнстандын туристтик потенциалын дүйнөлүк деңгээлде таанытууга багытталган. 


 

Фото галерея