Юридика институтунун профессору Аманай Акматова, доцент Жылдыз Айтбаева, студент Мадина Миниахметова Ош шаарындагы курсанттар үчүн үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу жана ага каршы аракеттенүү боюнча практикалык сабак өткөрүштү.
Иш-чара Ички иштер министрлигинин генерал-майору Ж.Ш. Шабиров атындагы Республикалык окуу борборунда уюштурулуп, ага юридика багытындагы адистер катышты. Анда үй-бүлөлүк зомбулукка байланышкан реалдуу учурлардын негизинде даярдалган кейстер талкууланып, курсанттар практикалык көндүмдөргө ээ болушту.
Катышуучулар укук коргоо органдарынын аракеттеринин алгоритмин, зомбулук тууралуу билдирүүлөргө ыкчам жооп кайтаруу тартибин, жабырлануучулар, социалдык кызматтар менен иш алып баруу механизмдерин өздөштүрүштү. Мындан тышкары үй-бүлөлүк-тиричилик чөйрөсүндөгү мыйзамдар, административдик жана кылмыш жоопкерчилиги, коргоо ордерлерин берүү, ведомстволор аралык кызматташуу маселелери каралды.
Практикалык бөлүк курсанттардын кырдаалды укуктук баалоо, туура чечим кабыл алуу, жабырлануучуларды коргоо чараларын тандоо көндүмдөрүн бекемдөөгө багытталды.
Иш-чара Жогорку Кеңештин №12 протоколун ишке ашыруунун алкагында уюштурулду.