AI боюнча эл аралык тажрыйба: ОшМУда кытайлык адистер лекция өттү

Башкы Жаңылыктар

AI боюнча эл аралык тажрыйба: ОшМУда кытайлык адистер лекция өттү

Image

14-апрелде Ош мамлекеттик университетинде Кытайдын Нанкин технологиялык институту өкүлдөрү менен жолугушуу өттү. Иш-чарада жасалма интеллект (AI) тармагындагы акыркы тенденциялар жана технологиялар талкууланды.

Конок лекцияны аталган окуу жайдын жасалма интеллект факультетинин деканы Чжу Хао жана илимий борбордун директору Хан Чжэчжэ өткөрүштү. Алар дүйнөдөгү AI өнүгүүсү, илимий изилдөөлөрдүн багыттары, бул технологияларды билим берүү системасына киргизүү боюнча тажрыйбалары менен бөлүштү.

Жолугушууда нейрондук тармактар, машиналык окутуу, чоң маалыматтарды талдоо, жасалма интеллекттин ар түрдүү тармактарда колдонулушу тууралуу кеңири маалымат берилди. Ошондой эле Кытайдагы AI боюнча билим берүү системасы жана инновациялык лабораториялардын иши тууралуу айтылды.

Иш-чарага университеттин окутуучулары, жаш окумуштуулар, студенттер катышып, суроо-жооп форматында жандуу талкуу болду. Жолугушуунун жыйынтыгында эки тарап келечекте биргелешкен илимий долбоорлорду ишке ашыруу, академиялык мобилдүүлүктү өнүктүрүү жана инновациялык демилгелерди колдоо боюнча сүйлөшүштү.

Буга чейин эки окуу жайдын ортосунда робототехника, жасалма интеллект,  Big Data аналитика багыттары боюнча 2+2 форматындагы билим берүү программаларын ишке ашыруу боюнча келишимдер түзүлгөн.

 

Фото галерея