10-апрелде Филология жана маданият аралык коммуникация институтунда Беларусиянын Гомель мамлекеттик университетинин окутуучусу Елена Асенчикова конок лекция өттү.
Лекцияга орус филологиясы бөлүмүнүн студенттери катышып, «Орус тилинин сүйлөө маданияты» темасында уюштурулду. Анда заманбап филологиянын актуалдуу маселелери каралды. Лектор сабак учурунда дисциплинанын теориялык негиздерине токтолуп, практикалык мисалдар менен түшүндүрдү.
Ошондой эле Беларусиядагы жогорку билим берүү системасындагы өзүнүн окутуу тажрыйбасы менен бөлүштү. Айрыкча көркөм текстти интерпретациялоо, адабий чыгармаларды талдоонун заманбап ыкмалары студенттердин кызыгуусун арттырды.
Иш-чара студенттердин теориялык билимин тереңдетүүгө жана эл аралык академиялык байланыштарды чыңдоого багытталды. Конок лекция онлайн лекциялар айлыгынын алкагында өткөрүлдү.