Лев Гумилёвдун 140 жылдыгына арналган адабий кече өттү

Башкы Жаңылыктар

Лев Гумилёвдун 140 жылдыгына арналган адабий кече өттү

Image

ОшМУнун Филология жана маданият аралык коммуникация институтунда орус тарыхчысы, этнолог жана акын Лев Гумилёвдун 140 жылдыгына арналган адабий кече өткөрүлдү.

Иш-чарага Казакстандагы Л.Гумилёв атындагы Евразия улуттук университетинин орус филологиясы бөлүмүнүн, ошондой эле Педагогика, искусство жана журналистика институтунун сүрөт тартуу, чийүү жана0эмгек кафедрасынын окутуучулары менен студенттери катышты.

Кечеде онлайн форматта бир катар илимий баяндамалар жасалып, анда акындын чыгармачылык жолу, тарыхый көз караштары, адабияттагы орду тууралуу маалыматтар берилди. Мындан тышкары студенттер акындын ырларын окуп, айрым чыгармаларын сахналаштырышты. Доцент Умут Тешабоевдин жетекчилиги астында сүрөт көргөзмөсү да уюштурулду.

Иш-чара орус тили жана адабиятын окутуунун методикасы кафедрасынын башчысы Диларам Мадаминованын демилгеси менен өткөрүлдү.