Ош мамлекеттик университетинин окутуучулары «Манас» эпосу аркылуу каада-салттарды окутуунун интерактивдүү усулдарын эл аралык конференцияда сунушташты.
Иш-чара академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында 2–4-апрель күндөрү Ташкент шаарында өттү. Конференция Өзбекстандын Илимдер академиясынын өзбек тили, адабияты жана фольклор институту тарабынан белгилүү окумуштуу, академик Тора Мирзаевдин 90 жылдыгына карата уюштурулган.
«Түрк элдеринин фольклорун салыштырып изилдөө: локалдык өзгөчөлүктөрү жана илимий-теориялык мамилелери» аттуу жыйынга ар кайсы өлкөлөрдөн окумуштуулар, изилдөөчүлөр жана педагогдор катышып, маданий мурас, билим берүү тармагындагы актуалдуу маселелерди талкуулашты.
Конференцияда ОшМУнун Финансы-юридикалык коллежинин окутуучулары Гүлзат Төлөнова, Гулмира Иманалиева жана STEM инновациялык коллежинин окутуучусу Ташхон Батырова баяндама жасады. Алар «Манас» эпосу аркылуу улуттук каада-салттарды заманбап педагогикалык технологиялар менен окутуунун натыйжалуу жолдорун сунушташты. Ошондой эле интерактивдүү ыкмалар окуучулардын сабакка болгон кызыгуусун арттырары белгиленди. Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар эл аралык деңгээлде тажрыйба алмашып, жаңы илимий-педагогикалык идеяларды ортого салышты.