Ош мамлекеттик университети Кытайдын Сунь Ят Сен университети менен коомдук саламаттык сактоо багытында кызматташтыкты күчөтүүдө. Тараптар Кыргызстандын аймагында зооноздук жана чек ара аралык жугуштуу ооруларды биргелешип изилдөө боюнча план иштеп чыгышты.
Бул кызматташтык ОшМУнун Эл аралык медицина факультетинин коомдук саламаттык сактоо магистрдик программасынын жетекчиси, доцент Бегимай Абдимомунованын Юньфу шаарында өткөн «Гуандунга чет өлкөлүк эксперттердин визити» аттуу эл аралык илимий-практикалык программага катышуусунун алкагында түзүлдү.
Анда Абдимомунова зооноздук паразитардык ооруларды ыкчам аныктоого багытталган диагностикалык тесттерди өндүрүшкө киргизүү боюнча илимий изилдөөсүн сунуштады. Ал паразитология жана жугуштуу оорулар тармагында колдонулуучу экспресс-диагностиканын (POCT) заманбап ыкмаларына токтолуп, илимий иштелмелерди саламаттыкты сактоо системасына киргизүүнүн жолдорун белгиледи.
Сапардын жыйынтыгында эки окуу жай ортосунда коомдук саламаттык сактоо тармагында кызматташуу планы иштелип чыкты. Анда биргелешкен илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү жана илимий-изилдөө лабораториясын түзүү каралган.
Бул демилге илимий потенциалды чыңдоого, эл аралык өнөктөштүктү кеңейтүүгө, саламаттыкты сактоо тармагына заманбап диагностикалык технологияларды киргизүүгө өбөлгө түзөт.