20-март күнү Ош шаарындагы Барпы Алыкулов сейил багында шаар тургундары жана меймандар үчүн Ош мамлекеттик университети тарабынан Нооруз майрамына арналган оюн-зоок кечеси уюштурулду.
Окуу жайдын таланттуу окутуучулары жана студенттери тарабынан концерттик программа тартууланып, улуттук спорттук оюндар — кол күрөш, аркан тартыш, гир көтөрүү боюнча мелдештер өткөрүлдү.
Мындан тышкары Педагогика, искусство жана журналистика институту жана Эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектеби тарабынан улуттук тамак-аштар даярдалып, Нооруздун негизги даамы болгон сүмөлөк кайнатылды. Шаар тургундарына ак тилектер айтылып, майрамдык маанай тартууланды. Ошондой эле студенттер кыргыз элинин каада-салттарын сахналаштырып «Кыз-жигит сармерденин» көрсөтүштү. Кечки бөлүктө «Жүрөгүмдө Кыргызстан» аттуу концерттик программа тартууланып, ыр-бийлер жаңырды.
Иш-чарага университеттин ректору Кудайберди Кожобеков катышып, жамааттын ынтымагын белгилеп, майрамды жогорку деңгээлде уюштурган кызматкерлерге ыраазычылык билдирди.
Майрамдык кечеге ошондой эле калаа башчысы Жанар Акаев баштаган жетекчилер жана Жогорку Кеңештин депутаттары катышып, шаар тургундарын Нооруз майрамы менен куттукташты.