13-мартта Ош мамлекеттик университетинин бардык түзүмдөрүндө эмгектенген 450дөн ашуун кызматкер үчүн ооз ачуу дасторкону уюштурулду.
Ооз ачуу учурунда ректор Кудайберди Кожобеков жамаатты ыйык Орозо айы менен куттуктап, алардын үй-бүлөлөрүнө бакубатчылык, чың ден-соолук, иштерине ийгилик каалады. Иш-чаранын соңунда өлкөнүн тынчтыгы, элдин биримдиги жана амандыгы үчүн бата кылынды.
Ооз ачуу ректордун демилгеси менен Кесиптик бирлик комитети тарабынан өткөрүлдү. Мындай орозо дасторкону университетте жыл сайын уюштурулуп келет.