ОшМУнун студенти гистология боюнча эл аралык олимпиадада байгелүү орунду ээледи

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун студенти гистология боюнча эл аралык олимпиадада байгелүү орунду ээледи

Image

Медициналык факультеттин студенти Айпери Абидинова 10-декабрда Өзбекстандын Самарканд мамлекеттик медициналык университетинде өткөн гистология боюнча эл аралык олимпиадада 2-орунду ээледи.  

Олимпиадада катышуучулар 43 багыттагы сынактардан өтүп, рактикалык көндүмдөрдү көрсөтүштү. Алардын ичинде 7-муундагы симуляциялык роботтордо иштөө да бар болуп, студенттер клиникалык чөйрөгө жакын шарттарда компетенцияларын сынашты. 

Айпери Абидинованы мелдешке Медицицна факультетинин морфологиялык дисциплиналар кафедрасынын улук окутуучусу Каныкей Жаныбек кызы даярдаган.

Эл аралык мелдешке Германия, Казакстан, Кыргызстан, Кытай, Түштүк Корея, Тажикстан, Орусия, Түркия, Азербайжан, Белорусия жана башка 30дан ашуун мамлекеттен 500дөн ашуун студент катышты. Олимпиадада чет өлкөлүк адистер студенттерге фундаменталдык медицина, илимий изилдөөлөрдүн методологиясы, заманбап клиникалык ыкмалар боюнча практикалык көндүмдөрдү көрсөтүштү.

 

Фото галерея