ОшМУнун окутуучулары жасалма интеллектин жардамында эпосторду окутуу боюнча баяндама жасашты

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун окутуучулары жасалма интеллектин жардамында эпосторду окутуу боюнча баяндама жасашты

Image

Филология жана маданият аралык коммуникация институтунун факультеттер аралык кыргыз тили кафедрасынын окутуучулары Тазагүл Айбашова менен Назгүл Тахирова “Манас эпосу жана технологиялык доор” аталышындагы жыйында заманбап, кызыктуу темада баяндама жасашты.

Тазагүл Айбашова өз сөзүндө улуттук кодду сактоо, “Манас” эпосундагы улуттук дөөлөттөрдү жасалма интеллект колдонуп окутуу, студенттерге маданий иденттүүлүктү калыптандыруу боюнча ойлору менен бөлүштү. Ал эпостогу руханий баалуулуктарды заманбап технологиялар менен айкалыштыруу мүмкүнчүлүктөрү боюнча да айтты.  

Доцент Назгүл Тахирова болсо “Манас таануу” курсунда студенттердин этномаданий жана этнопедагогикалык компетенттүүлүктөрүн IT-долбоорлор аркылуу калыптандыруу боюнча  жүргүзгөн изилдөөсүн сунуштап, санариптик чечимдердин билим берүүдөгү ролуна токтолду.

Иш-чара 4-декабрда Ош технологиялык университетинде “Манас” эпосунун күнүнө карата өттү.

 

Фото галерея