Ош мамлекеттик университетинин (ОшМУ) Бизнес паркынын бизнес-эксперти Санжарбек Исмадияров ноябрь айында Жапониянын Эл аралык кызматташтык агенттиги (JICA) уюштурган “Industrial Development through Local Resources” аттуу 15 күндүк адистик программасына катышты.
Программа Жапониянын Хиросима жана Ама аралындагы региондук өнүгүү модели жана ресурстарды үнөмдүү пайдалануу тажрыйбаларын изилдөөгө багытталган.
Санжарбек Исмадияров Product Development багытында жаңы продукттарды иштеп чыгуу, сапат көзөмөлү, таңгактоо жана брендинг боюнча атайын окуудан өттү. Ошондой эле Жапониянын технология, инновация жана өнөр жай тармактарындагы алдыңкы практикаларды өздөштүрдү. Анын айтымында, алган билимдери Бизнес парктын ишмердүүлүгүнө чоң салым кошот.
“15 күн ичинде алган билимдерим ОшМУнун Бизнес паркынын ишмердүүлүгүнө, өзгөчө жаңы продукт идеяларын түзүүгө, студенттик стартаптарды өнүктүрүүгө жана аймактык ресурстарды натыйжалуу пайдаланууга өбөлгө болот деп ишенем”, –дейт Исмадияров.