Индиялык студенттер эне тил күнүн майрамдашты

Башкы Жаңылыктар

Индиялык студенттер эне тил күнүн майрамдашты

Image

Бүгүн, 21-февралда ОшМУнун Эл аралык медицина факультетинде Бүткүл дүйнөлүк эне тил күнү белгиленди. Майрамдык иш-чарада студенттер Индия элинин  каада- салты, үрп-адаты камтылган театрлаштырылган программа тартуулашты. 

Студенттер өз эне тилинде ырларды ырдап, бийлеп, ырлардан көркөм окушту. Кечеге ОшМУнун мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректору Мастура Шарипова, факультеттин деканы Раман Калматов, социалдык-гуманитардык дисциплиналар кафедрасынын окутуучулары күбө болушту.

Иш-чарада студенттер өз эне тилинде жана кыргыз тилиндне өз өнөрлөрүн тартуулашты.  Жыйынтыгында  уюштуруучуларга, студентерге  окуу жай жетекчисинин атынан ыраазычылык каттар, сертифкаттар, белектер тапшырылды. 

 

Фото галерея