Окутуучулар Түркияда эл аралык квалификациясын жогорулатышты

Башкы Окуялар

Окутуучулар Түркияда эл аралык квалификациясын жогорулатышты

Image

ОшМУнун Эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектебинин педагогикалык билим берүү бөлүмүнүн өкүлдөрү Түркияда өткөн эл аралык программага катышып, заманбап билим берүү ыкмалары боюнча тажрыйба топтошту.

«Эл аралык кызматкерлер жумалыгы» (International Staff Week) деп аталган иш-чара 8–14-ноябрь күндөрү Фират университетинде (Fırat University) өттү. Программанын жүрүшүндө билим берүүдө жасалма интеллектти жана санариптик технологияларды колдонуу жолдору көрсөтүлдү. Ошондой эле 21-кылымдын талаптарына ылайык көндүмдөрдү өнүктүрүү, инклюзивдик билим берүү, санариптик окуу материалдарын даярдоо боюнча маалыматтар берилип, тажрыйба алмашуу болду.

Эл аралык программага катышуу ОшМУнун окутуучуларына кесиптик билимдерин жаңылоого, чет өлкөлүк кесиптештердин тажрыйбасы менен таанышып, жаңы окутуу ыкмаларын үйрөнүүгө мүмкүнчүлүк түздү. Мындан тышкары иш-чара эл аралык академиялык байланыштарды бекемдеп, билим берүү тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүүгө өбөлгө болду.

 








 

Фото галерея