ОшМУнун студенттери Гуандун университетинде билим ала алышат

Башкы Окуялар

ОшМУнун студенттери Гуандун университетинде билим ала алышат

Image

Кытайдын Гуандун өнөр жай жана соода политехникалык университетинин өкүлү Ло Гэнсин ОшМУнун Математика, физика, техника жана маалыматтык технологиялар институтунун окутуучулары, студенттери үчүн конок лекция окуду.

Ал жолугушууда өзү өкүлчүлүк кылган университеттин билим берүү багыттары, жетишкендиктери, эл аралык кызматташтыгы жана окуу тажрыйбасы тууралуу айтып берди. Ошондой эле эки университеттин ортосундагы кызматташтыкка токтолуп, биргелешип ишке ашыра турган 2+2 билим берүү программасынын шарттарын, мүмкүнчүлүктөрүн тааныштырды. Бул программа аркылуу студенттер эки университетте тең билим алып, эл аралык тажрыйба топтой алышат. Ал эми окутуучулар үчүн кесиптештери менен тажрыйба алмашууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Лекциянын соңунда Ло Гэнсин окутуучуларды тажрыйба алмашууга, студенттерди Гуандун өнөр жай жана соода политехникалык университетине барып билим алууга чакырды.

Иш-чара делегациянын 20-ноябрда Ош мамлекеттик университетине  болгон иш сапарынын алкагында өттү. Мурдараак делегация окуу жайдын ректору Кудайберди Кожобеков баштаган жетекчилик менен жолугуп, академиялык жана илимий кызматташтыкты өнүктүрүү, биргелешкен билим берүү программаларын ишке ашыруу маселелерин талкуулаган. 

 

Фото галерея