Ош мамлекеттик университети (ОшМУ) EdNet улуттук рейтингде 583,60 балл менен үчүнчү орунду ээледи.
Рейтингге Кыргызстандагы 75 жогорку окуу жай катышты. Улуттук рейтингде жалпы 3-орунду алды. Балоону EdNet билим берүүнүн сапатын камсыздоо боюнча көз карандысыз аккредитациялык агенттиги жүргүздү.
Баалонун жыйынтыгында ОшМУ академиялык аброй жана илим багыты боюнча – 174.40 упай, иш берүүчүлөр арасындагы аброй жана бүтүрүүчүлөрдү жумушка орноштурууда – 558.00, билим берүү чөйрөсү боюнча – 63.30, глобалдык өз ара аракеттенүү – 8.10 жана кошумча 26.00 упай алган.
EdNet – өлкөдөгү билим берүүнүн сапатын камсыздоо боюнча көз карандысыз агенттик болуп саналат. Агенттик 2012-жылы түзүлүп, университеттерди абройлуулугу, материалдык-техникалык жабдылышы жана бүтүрүүчүлөрдүн эмгек рыногундагы талапка ээ болушу боюнча баалайт. ЖОЖдорду салыштырып, негиздүү тандоо жасоого жардам берет.
EdNet рейтинги студенттерге жана ата-энелерге жогорку окуу жайларды салыштырып, негиздүү тандоо жасоого мүмкүнчүлүк берет.