EdNet 2026: ОшМУ Кыргызстандын мыкты ЖОЖдорунун үчтүгүнө кирди

Anasayfa Etkinlikler

EdNet 2026: ОшМУ Кыргызстандын мыкты ЖОЖдорунун үчтүгүнө кирди

Image

Ош мамлекеттик университети (ОшМУ) EdNet улуттук рейтингде 583,60 балл менен үчүнчү орунду ээледи. 

Рейтингге Кыргызстандагы 75 жогорку окуу жай катышты.  Улуттук рейтингде   жалпы  3-орунду алды. Балоону EdNet билим берүүнүн сапатын камсыздоо боюнча көз карандысыз аккредитациялык агенттиги жүргүздү.

Баалонун жыйынтыгында ОшМУ академиялык аброй жана илим багыты боюнча – 174.40 упай, иш берүүчүлөр арасындагы аброй жана бүтүрүүчүлөрдү жумушка орноштурууда – 558.00, билим берүү чөйрөсү боюнча –  63.30, глобалдык өз ара аракеттенүү – 8.10 жана кошумча 26.00 упай алган. 

EdNet – өлкөдөгү билим берүүнүн сапатын камсыздоо боюнча көз карандысыз агенттик болуп саналат. Агенттик 2012-жылы түзүлүп, университеттерди абройлуулугу, материалдык-техникалык жабдылышы жана бүтүрүүчүлөрдүн эмгек рыногундагы талапка ээ болушу боюнча баалайт. ЖОЖдорду салыштырып, негиздүү тандоо жасоого жардам берет. 

EdNet рейтинги студенттерге жана ата-энелерге жогорку окуу жайларды салыштырып, негиздүү тандоо жасоого мүмкүнчүлүк берет.