Доцент Кимия Төрөгелдиева эл аралык медал менен сыйланды

Башкы Жаңылыктар

Доцент Кимия Төрөгелдиева эл аралык медал менен сыйланды

Image

Ош мамлекеттик университетинин доценти, Педагогика жана искусство институтунун дизайн кафедрасынын улук окутуучусу, сүрөтчү жана кол өнөрчү Кимия Төрөгелдиева «Дүйнө сүрөтчүсү» (Художник мира) эл аралык медалына ээ болду.

Ага бул сыйлыкты Эл аралык сүрөтчү-активисттер ассоциациясы ыйгарган. Кимия Төрөгелдиева искусство тармагындагы эмгеги, элдердин ортосундагы тынчтыкты, достукту жана ынтымакты бекемдөөгө кошкон салымы үчүн сыйланды. Ошондой эле анын чыгармачылыгы аркылуу ар түрдүү элдердин ортосундагы түшүнүшүүнү жана биримдикти жайылтууга кошкон салымы белгиленди.

Сыйлык тапшыруу аземи 9–10-ноябрда Казакстандын Алматы шаарындагы META University окуу жайында өттү. Иш-чара түрк тилдүү мамлекеттердин сүрөтчүлөрү катышкан «Искусство дүйнөнү сактайт» аттуу эл аралык көргөзмөнүн алкагында уюштурулду.

Кимия Төрөгелдиева живопись, улуттук курак, сайма саюу, жүн, чий менен иштөө өнөрлөрүн аркалап келет. Ал Кыргызстандын Сүрөтчүлөр союзунун, Евразия дизайнерлер союзунун жана бир катар эл аралык чыгармачыл ассоциациялардын мүчөсү. Ошондой эле Казакстандын Улуттук дизайн академиясынын академиги.

Быйыл 16–23-сентябрда Кимия Төрөгелдиева Азербайжанда ТҮРКСОЙ эл аралык уюму уюштурган «Түрк дүйнөсүнүн аял сүрөтчүлөрүнүн арт-лагерине» катышкан. 20-сентябрда Ханкенди шаарынын күнүнө карата уюштурулган жыйынтыктоочу көргөзмөгө сүрөтчүнүн арт-лагерде тарткан эки эмгеги коюлган. Анын чыгармалары көрүүчүлөрдүн көңүлүн буруп, жогору бааланган.

Фото галерея