ОшМУнун окутуучусу Минск шаарында тажрыйба алмашты

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун окутуучусу Минск шаарында тажрыйба алмашты

Image

Орус филологиясы факультетинин орус тили жана адабиятын окутуунун методикасы кафедрасынын улук окутуучусу Чынара Токурова Беларусиянын Минск шаарында өткөн эл аралык конференцияга катышты.

Иш-чара 6–11-ноябрь күндөрү орус тилин жана маданиятын чет өлкөлөрдө сактоо, колдоо жана жайылтуу максатында уюштурулду.

Конференциянын алкагында Чынара Токурова лекцияларга, мастер-класстарга жана практикалык семинарларга катышты. Анда орус тилин чет тил катары окутуунун заманбап ыкмалары, эки тилде билим алган адамдар менен иштөө, кесиптик тил үйрөтүү, студенттердин окууга болгон кызыгуусун арттыруу маселелери талкууланды.

Эл аралык жыйын окутуучуга кесиптештери менен тажрыйба алмашууга, башка өлкөлөрдүн билим берүү тармагындагы жаңы ыкмалары менен таанышууга жана аларды өз ишинде колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн үйрөнүүгө шарт түздү.

 

Фото галерея