Профессор Семетей Амиралиев Өзбекстанда тажрыйбасы менен бөлүштү

Башкы Жаңылыктар

Профессор Семетей Амиралиев Өзбекстанда тажрыйбасы менен бөлүштү

Image

ОшМУнун Эл аралык медицина факультетинин социалдык-гуманитардык дисциплиналар кафедрасынын башчысы, профессор Семетей Амиралиев Өзбекстанда өткөн «Медицинадагы симуляциялык окутуу: көйгөйлөр, чечимдер жана перспективалар» аттуу эл аралык конференцияга катышты.

Конференция Анжиян мамлекеттик медициналык институтунда өттү. Жыйында Семетей Амиралиев Орусия, Казакстан жана Өзбекстандын окумуштууларына медицина кызматкерлеринин арасында интеллектуалдык викторина өткөрүү боюнча алгачкы тажрыйбасы менен бөлүшүп, баяндама жасады. Ал медицина кызматкерлеринин интеллектуалдык мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүү, медициналык чөйрөдө интеллектуалдык мелдештерди уюштуруунун мааниси тууралуу айтып берди.

Профессор белгилегендей, бул демилге «Росомед» уюму каржылаган долбоордун алкагында жүргүзүлгөн иштердин, топтолгон тажрыйбанын натыйжасы болуп саналат. Мындан тышкары Семетей Амиралиев конференциянын «Жаш окумуштуулар» секциясын жетектеп, студенттердин илимий иштерине баа берип, мыкты изилдөөлөрдү аныктады.

Конференцияга Социалдык-гуманитардык дисциплиналар кафедрасынын окутуучулары да катышып, секциялык жыйындарда илимий баяндамаларын жасап, презентацияларын сунушташты.

 

Фото галерея