Ош мамлекеттик университетинин Тарых-юридика институтунда тарых адистигинде билим алган студенттер арасында волейбол мелдеши өттү. Мелдешке балдар жана кыздар командалары катышты.
Спорттук иш-чара Студенттер күнүнө карата уюштурулуп, оюндар кызыктуу жана курч атаандаштыкта өттү. Командалар өздөрүнүн даярдыгын, биримдигин, жеңишке болгон аракетин көрсөтүштү. Жыйынтыгында балдар арасында 4-курстун, ал эми кыздар арасында 1-курстун командалары жеңүүчү аталды.
Мелдешке «Төөлөс Строй» курулуш компаниясы демөөрчүлүк кылып, жеңүүчүлөргө атайын сыйлыктарды тапшырды. Иш-чараны институттун жалпы тарых жана тарыхты окутуунун усулу, Кыргызстан тарыхы жана археология, этнология кафедралары уюштурушту. Иш-чара студенттер арасында спортту жайылтуу, сергек жашоого үндөө, достукту жана командалык биримдикти бекемдөө максатында өткөрүлдү.