ОшМУнун делегациясы Петрозаводск шаарында өткөн маданий иш-чарага катышты

Главная Новости

ОшМУнун делегациясы Петрозаводск шаарында өткөн маданий иш-чарага катышты

Image

ОшМУнун окутуучуларынан турган делегация Карелия Республикасынын Петрозаводск шаарында болуп өткөн «Маданий көпүрө: Россия-Кыргызстан-Өзбекстан» аттуу долбоорунун аякташынын арналган иш-чарага катышты.

Долбоордун алкагында этно-фестиваль уюштурулуп, ОшМУдан барган делегация өкүлдөрү кыргыз музыкалык аспаптарында ойноо,  декоративдик-прикладдык искусство боюнча мастер-класстарга катышты.

Орус филологиясы факультетинин дүйнөлүк адабият кафедрасынын доценти Занфира Мискичекова баштаган делегация Петрозаводск мамлекеттик университетинин филология институтунда болуп, инновациялык окутуу технологиялары менен таанышты. Эки окуу жайдын алдыдагы кызматташуусу боюнча пикир алышты.

Фотогалерея