Универсиадада ийгилик жараткандар сыйланды

Главная Новости

Универсиадада ийгилик жараткандар сыйланды

Image

13-майда Ош мамлекеттик университетинде «Универсиада–2026» мелдешинде ийгилик жараткан командаларды жана алардын машыктыруучуларын сыйлоо аземи өттү.

Улуттук универсиада 11-марттан 27-апрелге чейин Бишкекте Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги, Жаштык дирекциясынын уюштуруусунда өттү. Мелдешке өлкөдөгү 30 жогорку окуу жайдын бакалавр жана магистрант студенттери катышып, спорттун 22 түрү боюнча күч сынашты. Жыйынтыгында ОшМУ жалпы эсепте жетинчи орунду алды.

Экинчи орунду алган командалар жана машыктыруучулардын тизмеси төмөндө:

  • Стол тенниси (кыздар). Машыктыруучу – Тажибек Тыныбеков;
  • Стол тенниси (балдар). Машыктыруучу – Нурсултан Зарылбек уулу Нурсултан; 
  • Ордо — машыктыруучу Дүйшө Жолоев;
  • Самбо — машыктыруучу Афтондил Капаров;
  • Волейбол (балдар). Машыктыруучу – Алмаз Атабаев;
  • Бокс — машыктыруучу Турдалы Оморов;
  • Волейбол (кыздар). Машыктыруучу – Нурзат Ысмаилова;
  • Жеңил атлетика (балдар). Машыктыруучу – Алмазбек Казибеков;
  • Жеңил атлетика (кыздар). Машыктыруучу – Алымкан Жашитбекова;

Үчүнчү орунду алган командалар:

  • Баскетбол (балдар). Машыктыруучу – Руслан Мазитов;
  • Тогуз коргоол (кыздар). Машыктыруучу – Мирбек Рахманов.

Сыйлоо аземинде ректор Кудайберди Кожобеков спортчуларга жана машыктыруучуларга ыраазычылык билдирип, атайын сыйлыктарды тапшырды. Ошондой эле окуу жайдын кесиптик бирлигинин төрагасы Абсамат Саттаров 40 жашка чейинки жана 40 жаштан жогорку мелдештерде университеттин намысын коргоп жүргөн окутуучуларга бирдиктүү спорттук формаларды берди. Формалар кесиптик бирлик жана окутуучулардын демилгеси менен даярдалган.

Иш-чарада ректор спортту өнүктүрүү, сергек жашоо образын жайылтуу, спорттук жетишкендиктерди колдоо ОшМУнун негизги багыттарынын бири экенин белгиледи. Ал спортчуларга алдыдагы мелдештерде ийгилик каалады.

 

Фотогалерея