Студенттер карыялардан кабар алып, жардам көрсөтүштү

Главная Новости

Студенттер карыялардан кабар алып, жардам көрсөтүштү

Image

Эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектебинин "Башталгыч билим берүү. Англис тили" жана "Эл аралык бизнес" программаларынын  студенттери Ош шаарындагы “Боорукердик” социалдык мекемесиндеги  карыялардан кабар алышты.

Студенттер өз ара ыктыярдуу түрдө  каражат чогултуп, ошол акчага мекемеге керектүү чарбалык жана тиричилик буюмдарды – чаң соргуч, универсалдуу швабралар, жууй турган жана гигиеналык каражаттарды сатып беришти. Мындан тышкары балдар үчүн кеңсе товарларын, жемиштерди жана азык-түлүк алып барышты. 

Студенттер кары-картаңдар менен баарлашып, тарбиялануучулар жана кызматкерлер менен жолугушуп, үй-интернаттын шарттарын көрүп кайтышты. Бул иш-чара алардын боорукердик, адамгерчилик жана социалдык жоопкерчилик сыяктуу баалуулуктарын өнүктүрүү үчүн уюштурулду.