ОшМУ Жапония, Казакстандын алдыңкы университеттери менен 230 миң долларлык илимий долбоорду ишке ашырат

Башкы Жаңылыктар

ОшМУ Жапония, Казакстандын алдыңкы университеттери менен 230 миң долларлык илимий долбоорду ишке ашырат

Image

Ош мамлекеттик университети (ОшМУ) жетектеген INTRACE долбоору Эл аралык илимий-техникалык борбордун (МНТЦ / ISTC) 2026-жылдагы илимий долбоорлор сынагында эл аралык экспертизадан ийгиликтүү өтүп, каржылоого сунушталды.

Долбоордун жалпы бюджети 230 миң долларды түзүп, үч жылга эсептелген. Эл аралык изилдөөгө жетекчилик кылуу жана аны координациялоо ОшМУга жүктөлдү. Долбоордун илимий жетекчиси профессор Роман Калматов. Ал эми эл аралык өнөктөштөрү:

- Назарбаев университети (Казакстан) – Times Higher Education World University Rankings 2027 рейтингине ылайык, Борбор Азия жана КМШ өлкөлөрүндөгү алдыңкы жогорку окуу жайлардын бири;

- Токио Илим институту (Жапония). Илим, технология жана медицина тармактарындагы эл аралык жетишкендиктери менен таанылган, аталган өлкөдөгү алдыңкы беш университетинин катарына кирген жогорку окуу жай.

«Кыргызстан жана Казакстандагы тобокелдиги жогору суу системаларынын оор металлдар менен булганышын комплекстүү баалоо жана анын бөйрөк саламаттыгына тийгизген таасири» деп аталган долбоор аймактагы суунун булганышын, анын адамдын ден соолугуна тийгизген таасирин изилдөөгө багытталган. Анын алкагында эки өлкөнүн суу ресурстарындагы оор металлдардын көлөмү аныкталып, булгануунун калктын ден соолугуна тийгизген таасири изилденет. Өзгөчө бөйрөктүн иштешине байланыштуу тобокелдиктерге көңүл бурулат. Ошондой эле суунун булганышынан келип чыккан коркунучтарды аныктоо жана көзөмөлдөө боюнча илимий негизделген ыкмаларды иштеп чыгуу пландалууда

Долбоор экологиялык коопсуздук жана коомдук саламаттыкты сактоо жаатындагы актуалдуу маселелерди камтыйт. Анын жыйынтыктары суу ресурстарынын булганышын баалоого, адамдын ден соолугуна тийгизген терс таасирин аныктап, алдын алуу иштерин жакшыртууга багытталган.

Эл аралык сынактан ийгиликтүү өтүшү ОшМУнун илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү мүмкүнчүлүгүнүн кеңейип, дүйнөлүк илимий долбоорлорго катышуу деңгээли жогорулап жатканын көрсөтөт. Ошондой эле университеттин эл аралык изилдөөлөргө жетекчилик кылып, бир нече өлкөнүн окумуштууларын биргелешкен ишке тартуу мүмкүнчүлүгүн тастыктайт. Ал эми долбоорду ишке ашыруу ОшМУнун илимий базасын чыңдоого, чет өлкөлүк университеттер менен байланышын кеңейтүүгө жана жаңы технологияларды өздөштүрүүгө шарт түзөт. Мындан тышкары жаш окумуштуулар, аспиранттар, докторанттар эл аралык деңгээлдеги изилдөөлөргө катышып, тажрыйба топтоого мүмкүнчүлүк алышат.