18-ноябрда ОшМУнун Финансы-юридикалык коллежинин табият таануу предметтик-циклдик комиссиясынын окутуучусу Асылбек Айтмамбетов Ош медициналык коллежинин студенттерине «Учурашуу адеби» темасында конок лекция өткөрдү.
Иш-чара президенттин «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужол доктринасын ишке ашыруунун алкагында уюштурулду. Максаты жаштарга улуттук баалуулуктарды, каада-салттарды жана адеп-ахлак эрежелерин үйрөтүү болду. Лекцияда саламдашуунун тарыхы, коомдогу орду, тарбиялык мааниси, кыргыз маданиятындагы өзгөчөлүктөрү тууралуу айтылды. Окутуучу саламдашуу жөн гана учурашуу эмес, адамдын тарбиясын, ички маданиятын жана башкаларга болгон сый-урматын көрсөтөрүн белгиледи.
Ошондой эле бүгүнкү күндө учурашуу адебине байланыштуу кездешкен көйгөйлөргө токтолуп, студенттерди адептүү болууга, кичүүлөргө ызаат, улууларга урмат көрсөтүүгө чакырды.