2-ноябрдан 17-ноябрга чейин Бишкек шаарында өтүп жаткан Кыргызстандын орто кесиптик окуу жайларынын студенттери арасындагы спартакиадада ОшМУнун Эл аралык билим берүү программалары коллежинин волейбол боюнча кыздар командасы биринчи орунду ээледи.
Жеңүүчүлөр диплом жана кубоктор менен сыйланышты. Команданы мелдешке окутуучу Айнура Ботобекова даярдады. Алдыдагы күндөрү спартакиадага ОшМУнун коллежинин волейбол боюнча эркектер командасы да катышат.
Спартакиада орто кесиптик билим берүү уюмдарынын студенттери арасында спортту өнүктүрүү, таланттуу жаш спортчуларды аныктоо, сергек жашоо образын жайылтуу жана студенттердин достук мамилелерин чыңдоо максатында өткөрүлүүдө.