Ош мамлекеттик университетинин «Ордо» курама командасы Ош шаарынын күнүнө карата өткөрүлгөн ордо оюну боюнча ачык чемпионатта 1-орунду ээледи.
Мелдеш 5-октябрда өтүп, ага Ош шаарындагы жогорку жана орто кесиптик окуу жайлардын окутуучуларынан түзүлгөн командалар катышты. ОшМУнун командасы мелдеште ийгиликтүү оюн көрсөтүп, чемпион аталды.
Ачык чемпионат Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитети тарабынан уюштурулду.