Ош мамлекеттик университетинин журналистика адистигинин окутуучулары жана студенттери Баткен облусунда пресс-турга катышууда.
Пресс-тур 12–13-майга чейин уланат. Анын алкагында катышуучулар Кызыл-Кыя шаарындагы «СЕДЕП» хабынын иши менен таанышты. Алар кыргыз элинин салттуу келин себин даярдоо жана кол өнөрчүлүктүн өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат алышты.
Мындан тышкары делегация Кулунду жана Интернационал айылындагы ишкер айымдар менен жолугуп, алардын демилгелерин, салттуу килем согуу өнөрүн, жергиликтүү креативдүү долбоорлорду жеринде көрөт.
Пресс-тур креативдүү индустриядагы айымдардын ийгиликтерин коомчулукка жеткирүү, студенттердин практикалык журналистикалык көндүмдөрүн өнүктүрүү жана аймактардагы демилгелерди медиа аркылуу колдоо максатында уюштурулган.
Иш-чара «Аялдардын тынчтык банкы» коомдук фонду тарабынан уюштурулуп, каржыланды.