Экономика, бизнес жана менеджмент институтунунда бүтүрүүчүлөр менен жолугушуу өттү

Башкы Жаңылыктар

Экономика, бизнес жана менеджмент институтунунда бүтүрүүчүлөр менен жолугушуу өттү

Image

“Бүтүрүүчүлөр – институтубуздун сыймыгы” атту жолугушуу 14-мартта өттү. Иш-чара институттун 30 жылдык мааракесине карата уюштурулду. 

Жолугушууга бүтүрүүчүлөр, окутуучулар катышты. Анда институттун түзүлгөндөн берки тарыхы, жетишкендиктери тууралуу видео-презентация көрсөтүлдү. Андан соң институттун директору Тимур Исраилов куттуктоо сөз сүйлөп, 30 жылдык тарыхта бүтүрүүчүлөрдүн орду өзгөчө экенин белгиледи. Ал эми бүтүрүүчүлөр студенттер менен тажрыйба бөлүшүп, кесиптик өнүгүү, карьера куруу жана ийгиликке жетүү боюнча кеңештерин беришти.

Ошондой эле бүтүрүүчүлөр менен институттун ортосунда кызматташтыкты кеңейтүү максатында  меморандумга кол коюлду. Анда билим берүү, практика уюштуруу, карьералык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча кызматташтык каралган.

Иш-чара институттун Карьера борбору тарабынан уюштурулду. Максаты бүтүрүүчүлөр менен байланышты бекемдөө, алардын тажрыйбасын студенттерге жеткирүү жана жаш адистердин кесиптик өнүгүүсүнө колдоо көрсөтүү болуп саналат. 

 

Фото галерея