Ош мамлекеттик университетинин медициналык клиникасында 72 жаштагы бейтаптын жүрөгүнө заманбап TAVI операциясы – хирургиялык чоң кесүүсүз транскатетердик аорталык клапанды имплантациялоо ыкмасы ийгиликтүү жасалды. Бул операция клиникада биринчи жолу колдонулду.
Саходат Алимова дээрлик он жылдан бери жүрөк оорусу менен күрөшүп келген. Кан тамырларынын кысылышынан улам акыркы жылдары анын абалы оорлоп, дарыланууга муктаж болгон. Уулу апасын ОшМУнун медициналык борборуна алып келгенден кийин дарыгерлер ага заманбап TAVI операциясын жасоону сунушташкан.
Бул ыкмада салттуу операциядагыдай чоң хирургиялык кесүү жасалбайт. Буттагы кан тамыр аркылуу ичке катетер киргизилип, жүрөккө жаңы аорталык клапан орнотулат. Операция болжол менен бир жарым саатка созулуп, ийгиликтүү аяктады. Клиниканын кардиохирургу Заир Сыргаевдин айтымында, мындай операциянын негизги артыкчылыгы бейтаптын тез калыбына келүүсү болуп саналат.
«Бейтап операциядан кийин ойгонду. Жарым сааттан кийин суу ичсе болот, дагы бир аз убакыттан кийин тамак ичүүгө уруксат берилет. Эртеси күнү акырын басып баштайт. Үч-төрт күндөн кийин үйүнө чыгарууга мүмкүнчүлүк болот», – деди ал.
Операцияга борбордун хирургдары менен катар Орусиядан келген адистер жана жергиликтүү жеке клиникалардын дарыгерлери да катышты. Рентгенхирург Олег Крестьянинов клиниканын адистеринин кесипкөйлүгүн жогору баалады.
«Клиниканын жамааты жогорку деңгээлдеги адистерден турат. Алар медициналык жабдууларды мыкты өздөштүрүшкөн жана операциянын көп бөлүгүн өз алдынча аткара алышты», – деди ал.
Учурда бейтап жандандыруу бөлүмүндө дарыгерлердин көзөмөлүндө. Анын абалы туруктуу.
Буга чейин да ОшМУнун медициналык клиникасында боор жана бөйрөк алмаштыруу сыяктуу татаал операциялар ийгиликтүү жасалып келген. Учурда клиника жүрөк-кан тамыр ооруларын дарылоодо жогорку технологиялык медициналык кызматтарды көрсөтүп жатат.
Клиника жетекчиси Жазгүл Иметованын айтымында, аларга кайрылган бейтаптардын саны акыркы убакта күн санап өсүүдө.