Кыргызстан менен Өзбекстан социалдык иштердин келечегин талкуулады

Башкы Жаңылыктар

Кыргызстан менен Өзбекстан социалдык иштердин келечегин талкуулады

Image

ОшМУнун Экономика, бизнес жана менеджмент институтунда Фергана мамлекеттик университети менен биргеликте «Эл аралык социалдык иштердин келечеги жана модернизациясы: кадр саясаты жана практикасы» аталышында Кыргызстандагы III эл аралык кышкы мектеп өттү.

Иш-чарага социалдык иштер адистигинин стейкхолдерлери, Фергана мамлекеттик университетинин жана Ош шаарындагы жогорку окуу жайлардын окутуучулары, студенттери, магистранттары катышты. Программа алкагында социалдык иштерге багытындагы баяндамалар жасалды. Ошондой эле Кыргызстан менен Өзбекстандагы тармактын актуалдуу маселелери талкууланды. Катышуучулар көйгөйдү чечүү жана алдын алуу жолдору боюнча пикир алышты.

Кышкы мектептин экинчи бөлүгү Фергана мамлекеттик университетинде уланды. Ага Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин маалыматтык технологиялар бөлүмүнүн консультанты Сайкал Жолдубаева, Ош шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын социалдык кепилдиктер бөлүмүнүн адиси Аида Номанова, Социалдык иштер кафедрасынын башчысы Нурзинат Токторбекова баштаган окутуучулар, студенттер, магистранттар катышты.

Жыйынтыгында эки өлкө ортосунда академиялык жана практикалык кызматташтыкты чыңдоо боюнча резолюция кабыл алынды. Ошондой эле социалдык иштер тармагында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу багыттары аныкталды.

Кышкы мектеп профессордук-окутуучулук курамдын жана социалдык кызматкерлердин кесиптик компетенцияларын жогорулатууга, инновациялык технологияларды, практикалык ыкмаларды өздөштүрүүгө багытталды.

Иш-чара EDNET аккредитациялык агенттиги сунуштаган критерийлерди (бакалавриат жана магистратура деңгээлинде) ишке ашырууга багыт берүү максатында Нурзинат Токторбекованын демилгеси менен уюштурулду.

Фото галерея