Ош мамлекеттик университетинин журналистика адистигинин студенттери үчүн тоо экосистемаларын жана жашыл инновацияларды коргоо боюнча конок лекция уюштурулду. Лекцияны ОшМУдагы Тоо экосистемаларын жана жашыл инновацияларды коргоо консалтинг борборунун жетекчиси Абдижапар Аккулов өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө айлана-чөйрөнү коргоо, экологиялык көйгөйлөрдү медиада туура жана жоопкерчиликтүү чагылдыруу маселелери талкууланды. Ошондой эле дүйнө жүзүндө актуалдуу болгон Туруктуу өнүгүүнүн максаттары тууралуу кеңири маалымат берилди. Айрыкча таза суу, климаттын өзгөрүшү, туруктуу шаарларды өнүктүрүү жана жаратылышты коргоо сыяктуу темалар журналисттердин көңүл борборунда болушу зарыл экени белгиленди.
Конок лекция учурунда студенттер экологиялык көйгөйлөрдү аныктоо, аларды фактыларга таянып коомчулукка жеткирүү жана жаратылышты коргоо идеясын медиа аркылуу жайылтуунун маанилүүлүгү тууралуу пикир алышты.
Иш-чара жаш журналисттердин экологиялык маселелерге болгон кызыгуусун арттырып, коомдогу экологиялык жоопкерчиликти күчөтүүдө медианын ролу тууралуу түшүнүгүн кеңейтти.