ОшМУ Самарканд мамлекеттик педагогикалык институту менен меморандумга кол койду

Башкы Жаңылыктар

ОшМУ Самарканд мамлекеттик педагогикалык институту менен меморандумга кол койду

Image

24-февралда Ош мамлекеттик университети (ОшМУ) Самарканд мамлекеттик педагогикалык институту менен билим берүү жана илимий изилдөө багытында кызматташуу тууралуу эки тараптуу меморандумга кол койду.

Кол коюу аземи ОшМУда өтүп, ага Самарканд мамлекеттик педагогикалык институтунун орус тили жана адабияты кафедрасынын башчысы, Санкт-Петербург мамлекеттик университетинин негизги билим берүү программалары боюнча кеңешинин мүчөсү, Орусия котормочулар союзунун мүчөсү Тамилла Мавлянова, аталган окуу жайдын тарых кафедрасынын көз карандысыз изилдөөчүсү Улугбек Мавлянов катышты.

Жолугушууда ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков университетте сапаттуу билим берүү, академиялык мобилдүүлүктү кеңейтүү, көп тилдүү билим берүүнү өнүктүрүү жана дүйнөлүк рейтингдерге кирүү багытында жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди. Тараптар академиялык алмашуу программаларын өнүктүрүү, биргелешкен илимий долбоорлорду ишке ашыруу, эл аралык билим берүү программаларын киргизүү боюнча макулдашты.

Меморандумдун алкагында Филология жана маданияттар аралык коммуникациялар институтунун орус тили багытындагы студенттери үчүн 1+1 форматындагы магистратура программасын ачуу пландалууда. Ошондой эле бакалавриат деңгээлинде 2+2 форматындагы кош дипломдуу билим берүү программасын ишке киргизүү каралууда.



 

Фото галерея