ОшМУнун студенти WBC версиясы боюнча чемпиондук курду жеңип алды

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун студенти WBC версиясы боюнча чемпиондук курду жеңип алды

Image

Кыргыз профессионалдык боксунада тарыхый жетишкендик болду. Ош мамлекеттик университетинин студенти Мухаммедкодир Абдуманнабов World Boxing Council (WBC) версиясы боюнча чемпиондук курду багынтты.

Мелдеш Казакстандын Түркстан шаарында өтүп, анда түрк тилдүү өлкөлөрдүн мыкты мушкерлери күч сынашты. Кыргыз спортчусу алгач казакстандык атаандашын утуп, андан соң азербайжандык боксчуну жеңди. Финалда өзбекстандык Асадбек Саитов менен беттешип, калыстардын чечими менен упай айырмасы аркылуу жеңишке жетти. Натыйжада ал үч беттеш өткөрүп, үчөөндө тең жеңүүчү болду.

Мухаммедкодир Абдуманнабов – Табият таануу, дене тарбия, туризм жана агрардык технологиялар институтунун 2-курсунун студенти. Буга чейин Азиянын бир жолку, Кыргызстандын эки жолку чемпиону аталган. 12 жашынан бери бокс менен машыгып келет. Спортчуну Кыргызстандын эмгек сиңирген машыктыруучусу Беганас Султанбаев даярдайт.

Фото галерея