Окумуштуулар Арал деңизинин аймагында илимий сапарда болушту

Башкы Жаңылыктар

Окумуштуулар Арал деңизинин аймагында илимий сапарда болушту

Image

Ош мамлекеттик университетинин окумуштуулары 17-21-февраль күндөрү Өзбекстанда илимий иш сапарында Арал деңизинин аймагындагы экологиялык жана агрардык маселелер боюнча изилдөө жүргүзүштү.

Сапар университеттин ички илимий долбоорлорду каржылоо программасынын алкагында ишке ашырылып жаткан «Инновациялык питомник» жана «Азык-түлүк коопсуздугу» долбоорлорунун негизинде уюштурулду. Илимий сапарга долбоорлордун аткаруучулары Абдижапар Аккулов менен Элмурат Обдунов катышты.

Алар Анжиян, Ташкент шаарларында, Каракалпакстан автоном республикасынын Нукус шаарында жана Арал деңизинин жээгиндеги Мойнок шаарларына барышты. Анда Каракалпак мамлекеттик университетинин окутуучулары, жаш изилдөөчүлөрү менен жолугушту. Анын алкагында конок лекциялар окулуп, Арал аймагындагы экологиялык жана социалдык-экономикалык көйгөйлөр талкууланды. 

Ошондой эле окумуштуулар Фергана өрөөнүндөгү дыйканчылык, багбанчылык жана азык-түлүк өндүрүү тармагындагы алдыңкы тажрыйбалар менен таанышты. Ташкент шаарындагы айыл чарба соода системасын изилдешти. Чогултулган маалыматтар мындан аркы илимий изилдөөлөрдө жана долбоорлордо колдонулат.

Иш сапар коңшу өлкөнүн агротокойчулук, багбанчылык жана азык-түлүк коопсуздугу багытындагы тажрыйбасын өздөштүрүүгө, ошондой эле суу ресурстары тартыш аймактарда колдонулуп жаткан заманбап технологиялар менен таанышууга багытталды. Окумуштуулардын айтымында, бул сапар Борбор Азияда экологиялык коопсуздук, азык-түлүк туруктуулугу маселелерин комплекстүү кароонун маанилүүлүгүн дагы бир жолу тастыктады

 

Фото галерея