Бүгүн, 4-февралда окуу жайдын Көзөмөлчүлүк кеңешинин кезектеги жыйыны өттү. Анда университеттин ишмердүүлүгүнө байланышкан жети негизги маселе каралып, тиешелүү чечимдер кабыл алынды.
Күн тартибинде эл аралык илимий иш-чараларды өткөрүү, билим берүү кызматтарынын тарифтери, кызматкерлерге эмгек акы төлөө тартиби жана университеттин уюштуруу-башкаруу түзүмүнө байланышкан маселелер талкууланды. Атап айтканда, «Кыргыз Республикасында адал туризмди өнүктүрүүнүн өбөлгөлөрү жана көйгөйлөрү» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференцияны өткөрүү үчүн каржылык каражат бөлүү чечими кабыл алынды.
Мындан тышкары, «ОшМУ« футбол клубунун 2025-2026-окуу жылына карата чыгымдар сметасы, билим берүү тармагындагы акы төлөнүүчү кызматтар боюнча тарифтердин прейскуранты, ошондой эле бюджеттик жана атайын каражаттардын сметасы бекитилди.
Теология факультетинин алдында иш алып барган дин кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу курсу жана университеттеги кызматкерлерге эмгек акы төлөө боюнча жоболор тааныштырылып, бир добуштан колдоо тапты.
Каралган маселелер ОшМУнун ишмердүүлүгүн системалуу уюштурууга, финансылык ачыктыкты камсыздоого жана билим берүү кызматтарынын сапатын жогорулатууга багытталган. Аталган жыйынга Көзөмөлчүлүк кеңештин төрагасы Нурунбет Балтагулов, кеңеш мүчөлөрү, ректор Кудайберди Кожобеков жана ички түзүмдөрдүн жетекчилери катышты.