Өзбекстандын Оштогу консулу ОшМУда студенттер менен жолукту

Башкы Жаңылыктар

Өзбекстандын Оштогу консулу ОшМУда студенттер менен жолукту

Image

28-декабрда Ош мамлекеттик университетинде (ОшМУ) билим алып жаткан Өзбекстандан келген студенттер аталган өлкөнүн Ош шаарындагы консулу Азамат Болтаев жана Дүйнөлүк жаштар ассоциациясынын өкүлдөрү менен жолугушту.

Анда студенттердин билим алуу шарттары, укуктары, социалдык колдоо маселелери жана Кыргызстан менен Өзбекстандын жаштары ортосундагы кызматташтык тууралуу пикир алмашуу болду.

ОшМУнун сырткы байланыштар боюнча проректору Курсантбек Аттокуров эки өлкө ортосундагы билим берүү жаатындагы кызматташтык тууралуу айтып, жогорку окуу жайлар арасындагы байланыштар мындан ары да кеңейерин белгиледи.

Иш-чаранын соңунда ОшМУда окуган студенттер жана шаар тургундары үчүн Бабур атындагы Ош мамлекеттик өзбек академиялык музыкалык-драма театрында фильм көрсөтүлөрү айтылды.

Учурда ОшМУда Өзбекстандан келген 3000ден ашуун студент билим алууда. Окуу жай чет өлкөдөгү элүүдөн ашуун жогорку окуу жай менен кызматташат. Анын алкагында Ташкент мамлекеттик өзбек тили жана адабияты университетинде ОшМУнун Ч.Айтматов атындагы кыргыз тили жана маданияты борбору иштесе, ОшМУда Өзбек тили жана маданияты борбору иш алып барат.

Фото галерея