ОшМУнун Филология жана маданият аралык коммуникациялар институтунун студенттери улук окутуучу Земфира Мискичекованын жетекчилиги менен Ленинград шаарынын фашисттик блокададан толук бошотулушунун 82 жылдыгына арналган митинг-реквиемге катышты. Иш-чара 27-январда Ош шаарында өттү.
Митингдин жүрүшүндө ОшМУнун студенттери блокададагы Ленинградга арналган кыргыз акындарынын ырларын көркөм окушту. Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун «Саманчынын жолу» повестинен согуш темасын чагылдырган жер эненин монологун аткарышты. Ошондой эле «Ленинградки», «Бери шинель, пошли домой» аттуу ырлар жаңырды.
Студенттердин көркөм аткаруулары катышуучулар тарабынан жылуу кабыл алынды. Митингдин соңунда уюштуруучулар ОшМУнун студенттерине жигердүү катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдиришти.
Эскерүү иш-чарасы Орусиянын Ош шаарындагы Башкы консулдугунун демилгеси менен уюштурулду.